Биз менен байланышыңыз

ЖИА бизнес ассоциациясы «Көчмөн» форумун өткөрүүдө (сүрөт)

Кыска кабар | 2 Июл 2022 | 293 | 0

Бүгүн, 2-июлда ЖИА бизнес ассоциациясы Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте «Көчмөн» бизнес аянтчасын уюштурду.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 20дан ашык компаниянын өкүлдөрү келген. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун башчысы Алтынбек Сулайманов, Бизнес акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев жана башкалар да катышып жатат.

Алтынбек Сулайманов форумда сүйлөгөн сөзүндө ЖИА бизнес ассоциациясына мүчө ишкерлер өлкөдө ак ниет иштеп, жумуш орундарын түзүп, салыктын  түшүүсүнө, кызматташууну арттырууга аракет кылып келерин белгилеп, мамлекеттик бийликтин өкүлү катары ишкерлерди дайыма колдоого даяр экенин айтты.

«Көчмөн» форумун өткөрүүнүн максаты өлкө аймактарындагы ишкерлердин бири-бири менен таанышуусуна, пикир алмашуусуна, кызматташуусуна шарт түзүү болуп эсептелет.

Иш-чара эки күнгө созулуп, биринчи күнү көргөзмө, талкуу уюштурулат. Экинчи күнү бейформал тартипте Кырчын жайлоосунда уланат.

Ушундай эле форматтагы форум буга чейин Суусамырда өткөрүлгөн.

ЖИА бизнес ассоциациясынын өлкө боюнча сегиз бөлүмү иш алып барат, 60ка жакын кызматкери бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM