Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Эң башкы милдетибиз — экономиканы көтөрүү

Кыска кабар | 1 Июл 2022 | 129 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп жатып, инфляция менен күрөшүү жана экономиканын өсүшүн камсыз кылуу эң башкы тапшырма экенин айтты.

Бул маселелерди чечүү үчүн инвестицияларды тартуу, ишкерликти жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чараларды кабыл алуу керек.

Мамлекет башчы акыркы жылдары бул багытта аткарылган иштердин бири катары 2022-жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы Салык кодексинин кабыл алынышын белгиледи.

Ал ыңгайлуу инвестициялык климатты, абийирдүү атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана мыйзамсыз сооданы аныктоого мүмкүнчүлүктөрүн берерин билдирди.

«Киргизилген өзгөртүүлөр ата мекендик товарларды тышкы рынокторго алып чыгууга, абийирдүү бизнести коргогон жана экономиканы көмүскөдөн чыгарып алуу үчүн натыйжалуу инструменттерди түзүүгө багытталган» , — деди президент.

Мындан тышкары экономиканы санариптештирүү алкагында салыктык процедураларды фискалдаштыруу иши аткарылды.

«Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, салык төлөөчү менен чиновниктин ортосундагы жеке байланышты жокко чыгарган башкаруунун электрондук технологиялары салык төлөө процессин кыйла жеңилдетип, коррупциялык көрүнүштөрдү төмөндөтөт», — деди Жапаров.

1-июль — салык кызматкерлеринин кесиптик күнү. Азыркы учурда өлкөдө 700 миңден ашуун салык төлөөчү бар. Алардын ичинен 3 миңге жакын салык төлөөчү же ишкер мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктардын жалпы суммасынан 80 пайызын берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM