Жалал-Абадда «Ага-ини» тез татым жайынан уулангандардын саны 40ка жетти. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Рома Ураимовдун айтымында, учурда 28 бейтап ооруканада, 12си үйүндө дарыланууда.
30-июнда аталган жайда шаурма жеген 22 киши ууланган. Бул окуядан кийин тез татым жайына 7,5 миң сом айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулган.
Жалал-Абад шаардык мэриясы учурдагы кырдаалды эске алып, жарандарды тез татымдардан тамактанбай турууга чакырат.
Учурда шаар аймагындагы бардык тез татым жайларынын санитардык абалы текшерилүүдө.