Биз менен байланышыңыз

Президент куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Июл 2022 | 292 | 0

Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 1-июлда өлкөнүн куткаруучуларын кесиптик майрамы менен куттуктады.

Жапаров куткаруучулардын социалдык-тиричилик көйгөйлөрүн чечүү багытында иштер улантыларын, заманбап техникалар жана шаймандар менен камсыздаларын билдирди.

Ал соңку жылдары көптөгөн күтүүсүз окуялар – жер көчүп, таш кулаган, сел жүрүп, суу каптаган, кургакчылык болуп, өрт чалган табият кырсыктары, андан кийин коронавирус илдети куткаруучулардын эркин сынап жана чыңаганын айтты.

Президент куткаруучулук жогорку суроо-талаптагы, бирок кооптуу кесип экенин, кандай гана кооптуу жагдай болбосун, өз өмүрүн тобокелге салып, бирөөнүн өмүрүн сактап калууга баш-оту менен кирип кеткен мүнөз ар кимдин эле табиятында боло бербей турганын белгиледи.

«Мына ушундай жоопкерчиликтүү озуйпаны, оор жүктү аркалап келе жаткан куткаруу кызматында эмгектенгендердин баарына ыраазычылык билдирем. Куткаруу милдетин аткарып жатып каза болгон эр-азаматтарга таазим кылам. Сиздердин кызматыңыздардын татаалдыгы эске алынып, социалдык-тиричилик көйгөйлөрүңөрдү чечүү багытында иштер дагы да улантылат. Ишиңиздердин натыйжасын жогорулатуу максатында, заманбап техникалар жана шаймандар менен камсыздайбыз. Буюрса, куткаруу кызматында кызмат өтөөнү өзгөчө сыймык алып келгидей кесипке айландырабыз. Себеби, заман талабына жараша куткаруу кызматынын ролу, мааниси күндөн күнгө артып барат» , — деди Садыр Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM