Биз менен байланышыңыз

Бишкекте автобус-троллейбустардын жол акысын карта менен алуунун мөөнөтү жылды

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 332 | 0

Бишкек мэриясына караштуу автобус жана троллейбустарда накталай эмес төлөм жүргүзүү боюнча чечимдин мөөнөтү жылдырылды.

Мэриянын маалымат кызматы «Маралга» билдиргендей, 1-июлдан тарта жол акы «Тулпар» картасы, NFC виртуалдык картасы, VISA, ЭЛКАРТ жана Balance мобилдик тиркемелери аркылуу алынмак. Бирок бул карталарды жарандар толук алып бүтө электиги айтылды.

Бишкекте коомдук транспортторго жол кирени карта менен төлөө 2020-жылы башталып, «Тулпар» системасы иштей баштаган.

Бүгүнкү күндө автобус, троллейбустарда жол кире 11 сом.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM