Биз менен байланышыңыз

Эл аралык «Ала-Тоо» университети: Төрт жыл окуп, эки диплом алса болот

Билим-маданият , Коом | 30 Июн 2022 | 2884 | 0

Бүгүнкү күндө жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары акырындап чыга баштады. Бүтүрүүчүлөрдү алдыда университетке тапшыруу, адистик тандоо, кесип табуу жагдайы түйшөлтүп турган учуру. Өмүрдүн ар дайым ийгилик коштоп жүрүшүнүн бир сыры да тандап алган кесипке жараша болору маалым. Анткен менен кесип тандоодо дайыма эске ала турган жагдайлар бар: тандап алынган кесип эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болушу керек; өзүнүн максаттарын ишке ашырууга жардам бере турган киреше алып келиши шарт; ошол эле учурда сен каалаган, өзүң эңсеген сүйүктүү иш болушу маанилүү. Муну менен бирге бул кесипти окуткан мугалимдер, келечекте бир кесиптин мыкты ээси боло тургандай багыт көрсөткөн устаттар алда канча маанилүү. Ошондуктан алгач эмгек рыногуна жараша мыкты адистерди тарбиялап, окутуп чыгара турган жогорку окуу жайды тандап алуу зарыл.

«Ала-Тоо» эл аралык университети жакында эле 25 жылдыгын белгиледи. Бул окуу жай — өлкөдөгү мыкты жаштарды окуткан мекемелердин бири. Университетте окутуу негизинен англис тилинде жүргүзүлөт. Студенттерди чет мамлекеттерге жиберүү боюнча да программалары бар.

Медербек Токтосунов «Ала-Тоо» эл аралык университетинин экономика бөлүмүндө 2-курста окуйт. Окуу жайдан мыкты билим алып, келечекте мамлекеттик кызматтарда эмгектенип, өлкө экономикасына салым кошууну максат кылат. Токтосунов сапаттуу билим алуу үчүн эң башкысы каалоо болсо, каражат жагы чечиле турган маселе деп эсептейт.

«Алгач университетти бүтүрүп, мамлекеттик кызматка орношуу максатым бар. Биздин мамлекеттин түзүмүн өзгөртөйүн деген ниетим, кыялым бар. Коомчулукта «Ала-Тоо» университети жөнүндө стереотип пайда болгон: «Бул жакта байлардын, акчасы барлардын балдары гана окуйт», — деп көп айтышат. Бирок андай эмес. Себеби баары студенттен көз каранды. Канчалык жакшы окуса, ошого жараша жакшы жеңилдиктер берилет».

Аталган окуу жайдын инженерия жана эсептөө техникасы кафедрасынын бүтүрүүчүсү Нурбол Чоробаев эмне үчүн бул университетти тандаганын айтып берди.

«Мен мектепте окуп жүргөндө эле ЖОЖдорду караштыра баштагам. Ошол кезде менин багытым боюнча ITпрограммалоону мыкты окуткан университет «Ала-Тоо» болчу. Менден мурда бүтүрүп кеткен агаларымдан сураштырсам: «Эрте эле иштеп баштасаң болот, мүмкүнчүлүктөрү көп», — деп айтышкан. Андан кийин мага жакканы – бул жакта студенттер коомчулугу күчтүү. Мисалы, башка университеттер канчалык жакшы болбосун, сени курчап турган адамдар ал нерсеге кызыкпаса, анда өнүгүү кыйын болот. Ошондуктан ЖРТнын жыйынтыгы чыкканда эле, 215 упай алгам, дароо эле «Ала-Тоого» тапшырып өттүм. Бир да жолу өкүнгөн эмесмин, өкүнбөйм дагы».

«Ала-Тоо» эл аралык университетинин кабыл алуу комиссиясынын адиси Аида Бөрүбаева окуу жайга тапшыруу жолдорун түшүндүрдү.

Анын айтымында, окуу жайга өтүү үчүн ЖРТдан эң аз дегенде 110 балл алуу керек. Баллы жетпей калгандарга да мүмкүнчүлүк берилет. Университетке жыл сайын миңдей абитуриент кабыл алынат, жыл сайын 500дөй бүтүрүүчү аяктайт.

«Студенттердин баллы дал келсе, алар менен келишим түзүлөт, анда канча жыл окуй турганы, кандай жеңилдиктер бар экени, контрагы канча болору тууралуу маалымат берилет. Ар бир кесиптин окуу акысы ар кандай, эң аз дегени 100 миң сом».

Эл аралык «Ала-Тоо» университети — студенттер үчүн өзүн өздөштүрүүгө, бир кесипке дайынданууга мүмкүнчүлүк берген шаарча. Эртең менен келген студент окуу жайдан кечинде чыгат. Студенттер үчүн китепканалар, лабораториялар иштейт. Окуу жайда эс алуу үчүн да шарттар каралган. Тамактануу үчүн чакан кафетерийлер, студенттер үчүн ашканалар бар.

Бөрүбаева кошумчалагандай, университеттеги ар бир студентке өзгөчө көңүл бурулат.

«Биз колдон келишинче ар бир студент менен жекече мамиле кылганга аракет кылабыз. Бир көйгөйү болсо, же теманы түшүнбөй калса, кимге, кайсы саатта кайрылса болорун чечип беребиз. Билим берүү англис тилинде. Бул — англис тилинде бир кесипке ээ болоюн деп кыялданып жүргөн студенттер үчүн жакшы шарт. Ал эми, тил билбегендерге тамгадан баштап үйрөтүп алабыз», — дейт Аида Бөрүбаева.

Жыл сайын университет жакшы окуган студенттерди чет өлкөгө жөнөтөт. 60 мамлекеттин 80 окуу жайы менен кызматташат. Бул тизме ай сайын кеңейип, толукталып келе жатат.

«Ала-Тоо» эл аралык университетинин студентерди кабыл алуу бөлүмүнүн адиси Рустам Чонов быйылтан тарта студенттерге эки диплом алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн сүйүнчүлөдү.

«Бизде жакшы жаңылык бар. Быйыл Германиядагы Hochschule für Angewandte Wissenschaften Hof университети менен келишим түздүк. Эми абитуриенттер эки жыл Германияда, эки жыл Кыргызстанда окуп, соңунда эки диплом ала алат. Ошондой эле Корея жана Американын окуу жайлары менен келишим бар. Ошол жактарга да эки жылга барып келип, алардин дипломун алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт».

Окуу жайда билим алуу келишимдик негизде болгону менен 5%дык арзандатуудан баштап бекер окуу мүмкүнчүлүгүнө чейин каралган. Көп балалуу бүлөдө өскөн же ата-энеси жок абитуриенттерге талап кылынган документтерди көрсөткөндөн кийин 30%га чейин жеңилдик берилет.

Эл аралык олимпиадаларда, физика, химия, математика, биология, информатика сабактарынан биринчи, экинчи жана үчүнчү орундарга ээ болгон окуучулар каалаган факультетинде 100% жеңилдик менен акысыз окутулат.

Copyright © 2017 Maral FM