Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Кытайдын Эксимбанкына 1,8 млрд доллар карыз

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 173 | 0

Кыргызстандын Кытайдын экспорттук-импорттук банкына мамлекеттик тышкы карызы 1 млрд 794,12 млн долларды түзөт.

Сом менен айтканда 147 млрд 304,94 млн сомго барабар. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Министрлик тышкы карыздарды өз убагында жана толук көлөмдө төгүп жатканын белгилейт, быйыл Кытайдын Эксимбанкына 111,73 млн доллар төлөөнү болжолдоодо.

Алдын ала маалымат боюнча, Кытайга тышкы карызды төлөөнүн эң ири өлчөмү 2025-жылда башталып, 2027-жылы жогорку чегине жетет, андан ары азая баштайт.

Президент Садыр Жапаров 30-июнда VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында тышкы карыз тууралуу айтты. Ал азыр тышкы карызды төлөө үчүн каржы булактарын табуу керек деген чоң маселе турарын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-июнда Жогорку Кеңештин трибунасында өлкөнүн ички жана тышкы карыздары тууралуу маалымат берген. Ал Кытайга болгон карызды төлөй албай калсак, анда Бишкек ЖЭБинин, Датка-Кеминдин, Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун башкаруусу башка бирөөнүн колуна өтөрүн эскерткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM