Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Демократияга жамынып, негизсиз сындагандар жок эмес

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 216 | 0

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан демократиялык өлкө экенин, элдин менталитетинде, канында демократия элементтери бар экенин айтты.

Башмыйзамдын 1-беренесинде да Кыргызстан демократиялык өлкө деп белгиленгендиктен ар бир жаран эркин ой жүгүртүүгө, ой-пикирин ачык айтууга укуктуу экенин белгиледи.

Бирок демократия принциптерине жамынып алып, негизсиз сын-пикирлер менен саясий упай топтоого далалат кылган саясатчылар да жок эмес экенин дагы бир жолу айтты.

«Демократия шартында атаандаш пикирлердин болушу зарыл, ал тургай ошондой болушу керек. Эл өкүлүнүн тарапташтары койгон маселе-талаптар көчөдө сүйлөнбөй, парламенттин ичинде адистердин катышуусунда талкууланып, жыйынтык чыгарылып жатканынын өзү эле өлкөбүздүн туура багытта, түз жолдо баратканынын белгиси деп айтар элем», — деди Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM