Биз менен байланышыңыз

Байларды коргогон жокмун. Жапаров мүлктү легалдаштыруу мыйзамы тууралуу

Кыска кабар | 30 Июн 2022 | 691 | 0

Президент Садыр Жапаров парламенттин 30-июндагы жыйынында «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун пайдасын депутаттарга түшүндүрүп берди.

Ал Кыргызстандагы капчыктуу кишилер мүлкүн чет жактарда сактап жүргөнүн, бирок аны өлкөдөгү банктарга кайтаруу керектигин билдирди. Ал үчүн капиталды легалдаштыруу мыйзамы кабыл алынышы шарт.

Садыр Жапаров байлардын арасында бир тууганы же досу жок экенин, аларды колдоодон алыс экенин айтты. Мүлктү легалдаштыруу мыйзамы 2005-2008-2010-жылдары кабыл алынган, бирок чийки болгону үчүн иштебей келген.

«Капиталды легалдаштырууга багытталган мыйзамды сындап, бийлик байларды, мурдагы ичкен-жеген чиновниктердин акчасын адалдаштырып берип жатат деп айттыңар. Ооба, бизде 200дөн ашык бай бар, алардын арасында миллионерлер, миллиардерлер бар. Бирок алар акчасын чет өлкөлүк банктарда кармап жатышат. Чет жакта миллиондогон акчага завод-фабрика куруп жатышат. Өзүңүздөр билгендей, 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин колдон келишинче алдын 2 млрд, артын 100 млн долларга чейин бюджетке төктүрүп жатабыз. Бирок дагы деле чет өлкөдө катып жаткан байлыктары көп. Мыйзамдын максаты, ошол катылып жаткан акчаны Кыргызстанга алып келип, легалдаштырып, банктарга салса, өз банктарыбыз пайда көрөт, жумуш орундары түзүлөт», — деди Жапаров.

Жогорку Кеңештин 29-июндагы жыйынында «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берилген.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев добуш берүүдөн баш тартышып, ал жалпы процесске тоскоолдук жараткан. Көптөгөн талаш-тартышкан кийин добуш берүү кийинкиге калтырылган.

Copyright © 2017 Maral FM