Биз менен байланышыңыз

Медер Алиев: Айрым депутаттарга шоу жасаганы үчүн акча төлөө керек

Кыска кабар | 29 Июн 2022 | 444 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев кесиптеши Адахан Мадумаровду шоу жасоодон алыс болууга чакырды. Ал мыйзам долбоорлоруна добуш берүүдө билип туруп, элге жагынуу үчүн бардык депутатты акылсыз көрсөткүсү келерине ачууланды.

«Социалдык тармакта «циркке барсаң акча төлөп киресиң, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарына да шоу уюштуруп жатканы үчүн акча төлөп берүү керек» деп бир активдүү колдонуучу жазыптыр. Эми мен юрист болгон үчүн жакшы түшүнөм. Адахан Кимсанбаевич, баарын билип туруп эмнеге шоу кылып жатасыз? Регламентте ушундай норма бар, мыйзам долбоору биринчи комитетте каралат, талкууланат, анан жалпы жыйынга чыгат, добуш берүү менен өткөрүлөт. Туура, регламент туура эмес болуп калганда эмне үчүн добуш бергениңди билбей каласың. Мунун баарын билип туруп, элге жагынуу үчүн эмнеге шоу кыласыз?» — деди Медер Алиев.

Бүгүн парламентте «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү чыр менен коштолду.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев мыйзам долбооруна добуш беришкен жок жана бул жалпы добуш берүүгө тоскоолдук жаратты.

Натыйжада «Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлоруна добуш берүү кийинки отурумга жылдырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM