Биз менен байланышыңыз

Октябрь окуясы боюнча айыпталган саясатчылар акталды

Кыска кабар | 28 Июн 2022 | 1112 | 0
Сүрөт: Замир Жоошев

Бүгүн, 28-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум аяктады.

Отурумдун жыйынтыгында судья окуянын бардык айыпталуучуларын актады.

Соттун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, саясатчы Жеңиш Молдокматов, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагынбаев, «Социал демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун ишинде кылмыштын курамы жок деп табылды.

Атамбаев Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иштин алкагында камакта калтырылды. Ал эми Фарид Ниязов сот залынан эркиндикке чыгарылды.

Атамбаевди 12 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчү келтирилди

Copyright © 2017 Maral FM