Биз менен байланышыңыз

Атамбаевди 12 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчү келтирилди

Кыска кабар | 28 Июн 2022 | 853 | 0

Бүгүн, 28-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча отурум өтүп, анда мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык баш аламандык) боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Мындан тышкары президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовди, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевди 7 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчүн келтирди.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана саясатчы Жеңиш Молдокматовду 9 жылга эркинен ажыратууну суранды. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (мссалык башаламандык), Жазык кодексинин 257-беренеси (курал уурдоо же опузалап алуу) беренеси менен айыпталууда.

Ал эми Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандык), 374-беренеси (бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) менен 9 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Copyright © 2017 Maral FM