Ишинен убактылуу четтетилген саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтү узартылды.
Жактоочу Кайсын Абакировдун маалыматына караганда, 28-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтүн 18-августка чейин узартты.
Алымкадыр Бейшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин «коррупция» беренеси менен иш козголуп, 2-июнда кармалган.
Президент Садыр Жапаров тергөөнүн жүрүшүндө Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтеткен.