Баткен шаарынын 39 жаштагы тургуну дубалга илип койгон килеми уурдалганын билдирип, милицияга арыз менен кайрылган.
Анын айтымында, килемдин баасы 5000 сом турат.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен иш ачылып, ыкчам иликтөө жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында жоголгон килем буюм ээсинин коңшусу, 43 жаштагы Т.А.нын үйүнөн табылган.
Килем ээсине кайтарылып, азыркы күндө тергөө жүрүп жатат.