Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Мухаммад Абдуллаев алтын медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 26 Июн 2022 | 508 | 0

Бишкекте өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында эркин күрөштөн Мухаммад Абдуллаев Азия чемпиону аталды.

79 кг салмакта Мухаммад Абдуллаев чечүүчү айлампада индиялык Балиян Гоуравды 17:7 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.

Айта кетсек, эркин күрөш боюнча беттештердин бүгүнкү айлампаларында андан тышкары 61 кг салмакта Тайырбек Жумашбек уулу алтын, 86 кг салмакта Нуртилек Карыпбаев күмүш, 65 кг салмакта Икромжон Хаджимуродов, 74 кг салмакта Алинур Тахиров коло медаль алышты.

Кечээки беттеште Орозобек Токтомамбетов алтын, Бекзат Алмаз уулу күмүш, Каныбек Абдулкадыров коло медаль алган болчу.

Муну менен Кыргызстандын 23 жашка чейинки эркин күрөш балбандары жалпы 3 алтын, 2 күмүш, 3 коло медаль менен сыйланды.

Азия чемпионаты: Тайырбек Жумашбек уулу алтын медаль алды

Copyright © 2017 Maral FM