Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Тайырбек Жумашбек уулу алтын медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 26 Июн 2022 | 576 | 0

Бишкекте өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында эркин күрөштөн Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпиону аталды.

61 кг салмакта килемге чыккан Тайырбек Жумашбек уулу биринчи айлампада монголиялык Эрдене Очир Шижирбаатарды 10:0 эсебинде, үчүнчү айлампада түркмөнстандык Мекан Мухаммедовду 12:0 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн. Жарым финалда бахрейндик Алибег Алибеговду 13:0 менен жеңип алган.

Финалда казакстандык Асылжан Эсенгелдинин далысын килемге басып, 8:5 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп кетти.

Айта кетсек, Азия чемпионатынын кечээки беттештеринде Кыргызстандын эркин күрөш балбандары 1 алтын, 1 күмүш, 1 коло медаль алышкан.

Copyright © 2017 Maral FM