Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов Венгриянын Улуттук чогулушунун вице-спикери менен жолукту

Кыска кабар | 24 Июн 2022 | 261 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жашитар саясаты министри Азамат Жаманкулов Венгриянын Улуттук чогулушунун вице-спикери Шандор Лежак менен жолукту.

Анда тараптар Кыргызстандын Венгрияда өтө турган маданият күндөрүн өткөрүү жана эки өлкөнүн ортосундагы маданий кызматташтыгы тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Бүгүнкү күндө Маданият министрлиги тарабынан маданият күндөрүн Венгрияда өткөрүү тууралуу атайын буйрук чыккан. Учурда тиешелүү аракеттер көрүлүп жатканын Азамат Жаманкулов Шандор Лежакка маалымдады.

Өз кезегинде Шандор Лежак мындай маданий кызматташтыкты колдой турганын белгилеп, аны жогорку деңгээлде уюштурууга жана Кыргызстан тараптан тосуп алууга даяр экендигин кошумчалады.

Эске салсак, Венгриянын Улуттук чогулушунун вице-спикери Шандор Лежак түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин отурумуна катышуу үчүн келген.

ТүркПА уюмуна Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө. Ал эми Венгрия иш чарага байкоочу катары катышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM