Бүгүн, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму болот.
Иш-чарага катышуу үчүн ТүркПАга мүчө Азербайжан, Түркия, Казакстан мамлекеттеринин, андан тышкары, Венгрия, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн парламенттик делегациялары келишти.
Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, 2023-2028-жылдарга карата ТүркПАнын стратегиялык жол картасын бекитишет.
Ошондой эле социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралат.
Жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынып, ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтөт.