Биз менен байланышыңыз

Токтогулда суунун көлөмү 11,7 млрд куб метрден ашты

Кыска кабар | 24 Июн 2022 | 219 | 0

Бүгүн, 24-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 725 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 816 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 403 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин жеткен.

Суу сактагычтын жогорку чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү чеги 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылы 6,4 млрд куб метрге чейин жеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM