Быйыл Кыргызстанга чет өлкөдөн туристтердин жылдагыдан көбүрөөк келери күтүлүүдө. Ал үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында үч ай мурун түптөлгөн «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо» фонду атайын план-программаларды иштеп чыккан. Аталган фонддун капиталы 1 млрд сом деп белгиленип, анын 30 пайызы бөлүнгөн. Учурда ири долбоорлордун үстүнөн иштер жүрүп жатканы айтылды. Быйылкы туристтик мезгил эмнеси өзгөчө?
«Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» түзүлгөнүнө 100 күн болду. Ал туристтик бизнести өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында уюштурулган.
Фонд төрт багытта: маркетинг, долбоорлоо, инвестиция тартуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иш алып барууда.
Адистер быйыл туристтерди көптөгөн жаңылыктар күтөрүн, мамлекеттик органдар өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө жигердүү аракеттерди көрүп жатканын айтууда.
Мисалы, «Манас» аэропортунан Бишкекке жана кайра артка экспресс каттамдар жүрө баштайт. Автобустар ушул айдын аягына чейин каттамга чыгат.
Go bus деген жазуу аркылуу тааныла турган ыкчам каттамдар бир гана жүгүртмөгө ылайык жана эч токтоосуз жүрөт. 18 орундуу автобустардын жүрүү акысы 150 сом болот. Эки айдан кийин билеттерди онлайн сатып алса болот. Ыңгайлуу транспорт күнү-түнү жарым сааттык интервал менен жүрөт.
Мындан сырткары Кыргызстанда туристтер эң көп каттаган жерлерде эс алуу жайлары ачылат.
«Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун» эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча башкаруучу директору Кайрат Итибаевдин маалыматы боюнча, эң көп туристтик каттамдарда жана шаарларда RestPoint – эс алуу жайлары уюштурулат.
«RestPoint — бул саякатчылар жана туристтердин эс алуучу, маалымат алуу, гаджеттерди жана электромобилди кубаттоочу жер. Ошондой эле террасадан кофе ичүү, душка түшүү шарты каралат. 2023-жылдын жайкы туристтик сезонунун башталышында алардын санын 68ге жеткирүү максаты коюлган. Быйыл анын 21и ачылат. RestPoint жайларын куруу иштери башталууда”.
«Туризмди өнүктүрүүнү колдоо» фондунун президенти Елена Калашникова туризм тармагындагы негизги көйгөйлөр тууралуу айтты.
Дүйнө эли Кыргызстанды туризмдин өлкөсү катары тааный бербейт, өлкө ичиндеги туристтик жайлар тууралуу маалыматтын жетишсиздиги, системдик-аналитикалык маселелер, ошондой эле инфраструктура маселеси чечилген эмес.
«Туризм — экономиканын флагманы болушу керек жана биз өлкөдө туризмди өнүктүрүү менен алектенгендерге жардам беришибиз абзел. Өлкө боюнча санаториялык дарылоону жандандыруу маанилүү. Себеби туристтик сезонду узартууга мүмкүндүк берет. Азыр чет элдик адистер өпкө ооруларын дарылоо боюнча мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн баалоо иштерин жүргүзүүдө. Анча ийгиликтүү эмес санаторийлер кирешелүү санаторийлердин эсебинен кармалып иштеп турат. Бул жылы биз бардык тарыхый жерлерге белгилерди коебуз. Айрым маданий жана тарыхый эстеликтер чек ара аймактарында жайгашкандыктан аларга барууга уруксат алуу кыйын. Андыктан калкты тейлөө борборлорунда мындай уруксаттарды берүү, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды, туристтердин жакшы эс алуусу үчүн онлайн режимде каттоо жүргүзүүнү пландап жатабыз».
Кыргызстандагы ички туризм да көз жаздымда калган эмес. «Оруу-Сай» эс алуу аймагын тариздөө боюнча изилдөөлөр башталган. Ысык-Көлдүн Тамга айылынын аймагында эл аралык деңгээлдеги олимпиадалык спортчуларды даярдоо боюнча бардык талаптарга жооп бере алган спорттук база салынары күтүлүүдө. Ошондой эле Раззаков жана Каракол шаарларында эс алуу зоналары курулмакчы.
Мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча фонддун башкаруу директору Абдисаит Каримбеков ар бир облустун айыл өкмөтү менен кызматташуу башталып, туристтик операторлордун сунуштары эске алынып, жерлер изилдөөдөн өткөнүн айтып берди.
Биринчи кезекте мамлекет тарабынан аткарыла турган долбоорлорго көңүл бурулуп жатат.
«Анткени жеке секторго өткөрсөк, аларга биринчи кезекте шарт түзүп беришибиз керек. Анан алар жумуш орундарды түзүп, коммерциялык максаттары бар. А биз болсо мамлекеттик мамиле менен, шарт түзүү менен биргеликте мамлекет тырабынан аткарыла турган туризм багытындагы долбоорлорго шарт түзүп беришибиз керек. Эл аралык чөйрө менен биргеликте эң алыскы аймактарга чейин жетип, жергиликтүү элдин да суроо-талаптарын угуп, сунуштарын эске алып, ошого жараша концепцияны иштеп чыгып, натыйжалуу аналитиканы чыгарып жатабыз».
Маалыматтарга ылайык, Кыргызстанга туристтер негизинен КМШ, Араб өлкөлөрү, Европадан келет. Бүгүнкү күндө мамлекетке 67 өлкөнүн жарандары визасыз кире алышат.
2021-жылы Кыргызстанга жалпысынан 4 миңге жакын чет элдик турист келген.
Президент Садыр Жапаров өткөн жумада кыргызстандыктарды өлкөгө келе турган туристтерге меймандос болуп, ар бир чет элдик жаранга бийик маданиятты тартуулоого чакырган.
«Эми каалоочулар Кумтөр кенине экскурсияга бара алышат»