Биз менен байланышыңыз

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү «Даңк» медалы менен сыйланды

Кыска кабар | 23 Июн 2022 | 184 | 0

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Озонниа Ожиело Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана COVID-19 пандемиясы учурунда эл аралык жардамды уюштуруудагы өзгөчө эмгеги үчүн  – «Даңк» медалы менен сыйланды.

Сыйлыкты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 23-июнда тапшырды.

Акылбек Жапаров Бириккен улуттар уюмуна Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү, адам укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, демократиялык институттарды өнүктүрүү, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, саламаттыкты сактоо, азык-түлүк коопсуздугу, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, ошондой эле баңг затын мыйзамсыз жүгүртүү маселесинде олуттуу жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Озонниа Ожиелонун Кыргызстандагы  дипломатиялык миссиясы аяктоодо. Ал Кыргызстанда 2017-жылдан тарта иштеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM