Биз менен байланышыңыз

Аэропорттон Бишкекке чейин экспресс автобустар жүрө баштайт. Баасы 150 сом

Кыска кабар | 23 Июн 2022 | 1823 | 0

«Манас» аэропортунан Бишкекке жана кайра артка экспресс каттамдар жүрө баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова билдирди.

Анын айтымында, автобустар ушул айдын аягына чейин каттамга чыга баштайт.

«Башка коомдук транспорттордон айырмасы, экспресс каттамдар бир гана жүгүртмөгө ылайык жана эч токтоосуз жүрөт. 18 орундуу автобустардын жүрүү акысы 150 сом болот. Эки айдан кийин билеттерди онлайн сатып алса болот. Ыңгайлуу транспорт күнү-түнү жарым сааттык интервал менен жүрөт. Сиз аларды Go bus деген жазуу аркылуу тааный аласыз», — дейт ал.

Калашникова белгилегендей, Бишкектен Караколго чоң автобустарды чыгаруу пландалууда.

Белгилей кетсек, «Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду»  түзүлгөнүнө 100 күн болду. Ал туристтик бизнести өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында уюштурулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM