Биз менен байланышыңыз

Президент акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кабыл алды

Кыска кабар | 22 Июн 2022 | 268 | 0

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн акыйкатчысы Атыр Абдрахматованы кабыл алды. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун актуалдуу маселелери, Омбудсмен Институтунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды.

Акыйкатчы мамлекет башчысына көп жылдан бери акыйкаттыкка жетпей жүргөн жарандардын жеке жана жамааттык иштери тууралу маалымат берди.

Ал адам укуктары бузулган конкреттүү учурларына токтолуп, кайрылмандарга документ берүү, аларды коомго аралаштыруу жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын иши жетишсиз экенин белгиледи.

Мындан тышкары,  Атыр Абдрахматова быйыл акыйкатчы институтунун түптөлгөнүнө 20 жыл толо турганын айтып, буга карата  Бириккен улуттар уюмунун сунуштамаларына ылайык Кыргызстандын Акыйкатчысынын макамын Париж прициптерине толук ылайык келтирүү максатында жаңы конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы күтүлүп жатканын белгиледи.

Ошону менен бирге, ал жакын арада түзүү пландалып жаткан Кыргызстандын Акыйкатчысына караштуу адам укуктары боюнча Регионалдык институтунун концепциясы менен тааныштырды.

Президент Садыр Жапаров Омбудсмен Институтунун адамдын жана жарандардын укуктары менен экиндиктерин коргоо ишин чыңдоо, Мыйзамдын бардыгы тарабынан аткарылышы жана урматталышы принциптерин жылдыруу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы адамдын жана жарандын укуктарын коргоо боюнча комплекстүү жана теске салынган чараларды жүргүзүү – элге кызмат кылуунун негизги талабы экенин билдирип, жарандарыбыздын көйгөйлөрү жеринен так, өз учурунда мыйзамдуу чечилишин баардык мамлекеттик түзүмдөрдөн талап кылынганын белгиледи.

Жолугушууда адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы боюнча дүйнөлүк коомчулуктагы мамлекеттин даражасын жогорулатуу жана Борбор Азиядагы мамлекеттердин укук коргоочуларынын эл аралык стандарттарга умтулуусун кубаттоо менен биргеликте алдыңкы практикаларды жайылтуу иш чаралары макулдашылды.

Copyright © 2017 Maral FM