Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана жаңыланды

Кыска кабар | 22 Июн 2022 | 188 | 0

Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы №1 шаардык китепкана модернизацияланып ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Китепкананы жаңылоо үчүн мэрия тарабынан 2 млн сом бөлүнүп, 500 миң сомго китепкана оңдолуп, 1,5 млн сомго керектүү жабдуулар жана эмеректер алынган.

Китепканага интернетке туташкан ноутбуктар, планшеттер, ыңгайлуу стол менен отургучтар коюлган.

Белгилей кетсек, ачылуу аземине Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева, Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштер боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков жана башкалар катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM