Биз менен байланышыңыз

«Оор кесепеттүү кырсыктардын көбүнө оң рулдуу унаалар кабылат»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июн 2022 | 687 | 0

Жол кырсыгына кабылгандардын 40%ы оң рулдуу унаа айдагандар болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык кайгуул милиция кызматынын жетекчиси Алмаз Исаков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Автобекеттердеги алыскы аймактарга жүргүнчү ташыгандардын 90%ы оң рулдуу унаанын айдоочулары. Бул жол кырсыктардын оор кесепеттерине алып келерин түшүндүрдү Исаков.

«Биринчиден, айдоочулар 7 орундуу автоунааларга жүргүнчүлөрдү салып, алардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатышат. Себеби бара турган жерге жетип, уктабастан кайра киши салып жолго чыгышат. Мындайча айтканда, айдоочунун мыйзамдуу талаптары аткарылбай жатат. Экинчи маселе, алыскы жолго чыгып башка унааны ашып өтөрдө, капталга толук, тагыраагы, каршы тилкеге чейин чыгышы керек болот. Ары жакта жүк ташуучу унаа келаткан болушу мүмкүн. Ошентип эки унаа кагылышып, жүргүнчү, айдоочулардын өлүмүнө алып келген жол кырсыктары катталууда. Ушул жана башка себептерден улам биздин кызмат оң рулдуу унааларга каршы чыгып жатат».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM