Биз менен байланышыңыз

Исаков: Туристтер менен атайын милиция иш алып барат

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июн 2022 | 299 | 0

Быйыл Кыргызстанга туристтер жылдагыдан көп келери айтылууда. Аларга жардам берүү, туура жол, багыт көрсөтүү максатында атайын туристтик милиция иш алып барат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кайгуул милиция кызматынын жетекчиси Алмаз Исаков «Маралдын» эфиринде билдирди.

«Туристтик милициянын кызматкерлери чет тилдерин билет. Алсак, 40 кызматкер англис, 14 кызматкер түрк тилин, ошондой эле кытай, испан, француз тилинде сүйлөгөн кызматкерлерибиз бар. Ысык-Көлгө маал-маалы менен кызматкерлер жөнөтүлүп турат. Туристтик милиция тарабынан чет элдик жарандарга дайыма ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Туристтердин кезектеги агымын тосуп алууга даярбыз».

Исаковдун айтымында, туристтер тарабынан майда жол эрежелерин бузуу фактылары катталса, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Одоно бузуу фактылары катталганда гана протокол толтурулуп, катаал чаралар көрүлөт.

Мындан сырткары, милициянын кайгуул кызматынын туристтик ротанын кызматкерлери автоунаа жүрбөгөн жерлерде, сейил бактарда, эс алуучу жайларда, мейманканаларда да кызмат өтөп, туристтер менен иш алып барышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM