Биз менен байланышыңыз

ЕЭК кеңешинин жыйынында 6 маселе каралды

Кыска кабар | 21 Июн 2022 | 150 | 0

Бүгүн, 21-июнда Беларустун Минск шаарында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы астында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин (ЕЭК Кеңеши) кезексиз жыйыны өттү.

ЕЭК кеңешинин жыйынында 6 маселе каралды.

Атап айтканда, кеңешменин жыйынтыгы боюнча айыл чарба жабдууларынын айрым түрлөрүнө Евразия экономикалык биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифинин ташып келүү бажы алымдарынын коюмдарын белгилөө жөнүндө чечим кабыл алынды.

ЕЭК кеңеши тарабынан ошондой эле ушул жылдын 31-октябрына чейин Кыргызстандын аймагына кантты жана чийки кант камышын ташып кирүүдө бажы алымдарын нөлгө түшүрүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

ЕЭК кеңешинин башка чечими менен Бажы биримдигинин комиссиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 877 чечимине 2022-жылдын 1-февралына чейин жеке пайдалануудагы айрым транспорттук каражаттарды шашылыш ыкчам кызматтарды чакыруу тутумдары/түзүлүштөрү (ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тарабынан киргизилген) менен камсыз кылбоо тууралуу өзгөртүүлөр киргизилди.

Мындан тышкары, ЕЭК кеңешинин чечими менен Бажы биримдигинин «Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламент бекитилди, анда пландык көзөмөлгө тастыктама алуу мөөнөтү 2022-жылга туш келген учурда тиешелүү орган (арыз боюнча) технологиялык процесстин өзгөрбөстүгү жөнүндө даярдоочунун каты болгон учурда мындай көзөмөлдү 12 айга чейин жылдыруу чечимин кабыл алууга укуктуу.

Ошондой эле жыйынтыгында ЕЭК кеңешинин кезектеги отурумун июль айында Беларустун Витебск шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM