Биз менен байланышыңыз

Бегалиев: Мамлекеттик органдардын күчү жок болуп калган

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Июн 2022 | 253 | 0

Бүгүнкү күндө курулуш тармагындагы мамлекеттик органдардын күчү жок болуп калган. Мындай пикирин Сейсмотуруктуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясынын жетекчиси, техника илимдеринин доктору Улугбек Бегалиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, система иштебей калган.

«Азыркы тапта «акчасы бардын багы бар» болуп калган. Текшерүүчү барса, эмнесин текшерет? Биринчиден, текшерүүчүнүн өзүнүн билим деңгээли кандай? Ошол маселе бар. Кийинкиси лабораторияларда иштегендердин тажрыйбасы канчалык? Мисалы, ар бир бетон лабораториялык анализден өтүшү керек. Жыйынтыгына келгенде көпчүлүк учурда жүрөгүң түшөт: «Лаборатория ушундай жыйынтык чыгарып берип жатса, эмне деген деңгээлге түшүп кеттик?» — деген тыянакка келесиң. Ал эми үйлөрдү салып жатканда, арматураны коюп жатканда, «муну ким текшерди?» деп таң каласың. Мен окумуштуу, изилдөөчү катары жаман жактарын көбүрөөк айтам, себеби кемчиликтерди айтканда, ошого көңүл бурула баштайт».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM