Биз менен байланышыңыз

Бегалиев: Кыргызстан сейсмикалык жактан «коркунучтуу» деп табылган

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Июн 2022 | 571 | 0

Дүйнө жүзү боюнча Кыргызстан сейсмикалык жактан «коркунучтуу» деп табылган. Себеби өлкөдө «жер титирөө болбойт» деген аймак жок. Бул тууралуу Сейсмотуруктуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясынын жетекчиси, техника илимдеринин доктору Улугбек Бегалиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал жер титирөө эмнеден келип чыкканын түшүндүрдү.

«Бизде эң минималдуу 7 баллга жеткен жер титирөө катталат. Ал эми Германияда, Италияда бул көрсөткүч күчтүү деп эсептелет. Жер титирөө жердин жаракалары кыймылдаганда пайда болот. Кыргызстанда 102 жер жаракасы бар. Ушундан улам үйлөрдү, имараттарды салууда өтө этият мамиле кылуу керек. «Боло берет» деген түшүнүктөн алыс болуу абзел».

Бишкекте жана башка аймактарда жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн жер титирөөгө туруштук берерине эч ким кепил болбосун кошумчалады адис.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM