Биз менен байланышыңыз

«Имараттын жер титирөөгө туруштук бере аларын аппарат менен текшерүү зарыл»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Июн 2022 | 286 | 0

Тартип боюнча жаңы конструктивдик схеманы, вибромашина менен титиретип туруп, жарамдуулугун текшергенден кийин гана тыянак чыгарса болот. Бирок мындай аракеттер 1980-жылдардан бери боло элек. Бул тууралуу Сейсмотуруктуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясынын жетекчиси, техника илимдеринин доктору Улугбек Бегалиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, курулуп бүткөн көп кабаттуу үйлөрдүн, имараттардын жер титирөөгө туруштук бере аларын сырттан көрүп айтууга болбойт.

«Буларды атайын аппарат менен титиретип, нормативин текшерип, кайрадан эсептеп чыгуу керек, андан кийин кароодон өткөрүп, бетондун калыңдыгын, арматуранын туура салынганын изилдеп тыянак чыгаруу керек. Жөндөн-жөн эле туруп, «бул жер титирөөгө туруштук бере алат» деп айтуу туура эмес».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM