Биз менен байланышыңыз

Жер титирөөгө туруштук бере алган курулуш боюнча конференция өтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Июн 2022 | 331 | 0

Быйыл 4-9-июль күндөрү Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылынын алкагында Ысык-Көлдө жана Бишкекте жер титирөөгө туруштук бере алган курулуш боюнча III эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Сейсмотуруктуу курулуш боюнча эксперттердин эл аралык ассоциациясынын жетекчиси, техника илимдеринин доктору Улугбек Бегалиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Иш-чара жер титирөөгө каршы инженерия боюнча эл аралык эксперттер ассоциациясы тарабынан өткөрүлүүдө.

Конференциянын алкагында техникалык экскурсия жана башка жумуштар аткарылат.

«Келген окумуштуулар менен курулуш обьектилеринин салынышын текшеребиз. Айрым имараттарды атайын аппарат менен титиретип, бекемдигин карайбыз. Ушундай эскпертиманталдык изилдөөлөрдү жүргүзүп турабыз. Андан тышкары пикир алмашып, долбоорлору түзүү боюнча жумуш алып барабыз».

Адистин айтымында, быйыл алгачкы жолу «жер титирөөгө камсыздандыруу» деген өзүнчө секциянын ачылышы пландалууда. Анын негизинде үйлөр камсыздандырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM