Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн иликтөөчү комиссиянын биринчи отуруму өтөт

Кыска кабар | 21 Июн 2022 | 294 | 0

Бүгүн, 21-июнь түшкө чейин саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүн, ошондой эле «Айыл банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын тергөө абагында каза табуусун иликтөө үчүн түзүлгөн комиссиянын биринчи отуруму өтөт. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Президенттин басма сөз кызматы 18-июлда президент Садыр Жапаров саясат таануучу Марат Казакпаевдин, ошондой эле «Айыл банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзүүнү тапшырганын жарыялаган.

Комиссия окуялардын жагдайын ар тараптуу изилдеп, анын иштин жыйынтыгы өлкөнүн жогорку жетекчилигине берилет.

Кечээ, 20-июнда коомдук комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектери белгилүү болду. Ага акыйкатчыдан сырткары Жогорку Кеңештин, тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрү жана маркумдардын жакындары кирген.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда ооруканада каза тапты. Ал андан бир күн мурда УКМКнын тергөө абагынан эс-учун жоготуп, ооруканага жеткирилген. Адвокатынын айтымында, инсульт алып, мээсине кан куюлуп кеткен.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратып, 19-майдан 9-июнга чейин саясий серепчинин адвокаттары аны медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылбаганын белгилеген.

Ал эми 18-июнда УКМКнын тергөө абагынан «Айыл Банк» ААКнын насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаев көз жумду. УКМК тараткан маалыматка таянып айтсак, ал түнкү саат 00:55 чамасында асынып алган.

Башкы прокуратура Казакпаевдин жана Асанбаевдин өлүмү боюнча текшерүү ишин баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM