Биз менен байланышыңыз

Кутман Темирбеков менен Асан Жанышов Азия чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 20 Июн 2022 | 265 | 0
Кутман Темирбековдун алтын медаль алуу учуру

Бишкекте өтүп жаткан 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын экинчи күнүндө грек-рим күрөшүнөн балбандар Кутман Темирбеков менен Асан Жанышов алтын медаль алышты.

65 кг салмактагы өспүрүм Кутман Темирбеков квалификациялык беттеште индус балбан Нишант Нишантты 8:0 эсебинде, чейрек финалдык беттеште казак балбан Сергазы Абдыкадырды 6:3 эсебинде, жарым финалда өзбек балбан Акобир Унгоровду 7:5 эсебинде утуп, финалга өткөн.

Финалда ал тажик балбан Сунат Абдуллоевди 7:1 эсебинде жеңип алып, Азия чемпиону аталды.

Ал эми 80 кг салмактагы өспүрүм Асан Жанышов дароо жарым финалдан баштап, биринчи беттешинде корей балбаны Жеоңхан Жинди 9:0 эсебинде, жарым финалда индус балбаны Мохит Кохарды 10:7 эсебинде утуп, финалга өткөн.

Финалдык беттеште ирандык Сейедреза Сейедхамед Азаршабды 6:5 эсебинде утуп, Азия чемпиону болду.

Ал эми 71 кг салмактагы өспүрүм Жоомарт Аралов айлампа системасында күрөшүп, биринчи айлампада казакстандык Темирлан Турдакунду да, экинчи айлампада кореялык Сеонгум Жаңды да, үчүнчү айлампада индиялык Аман Аманды да 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, жарым финалга өткөн. Жарым финалда ирандык Мохаммад Сафарали Морадиге 4:5 эсебинде алдырып жиберип, үчүнчү орунга күрөшө турган болгон.

Үчүнчү орундук беттеште кайрадан индус Аман Аманды 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, коло медаль тагынды.

Учурда Кыргызстандын байге куржунунда 4 алтын, 1 күмүш, 2 коло медаль бар.

Өспүрүмдөр жана жаштар арасында күрөш боюнча Азия биринчилиги Бишкектин башкы муз аянтында өтүп жатат.

U17: Жантөрө Мырзалиев менен Нурболот Сыргабай уулу Азия чемпиону болду

Copyright © 2017 Maral FM