Биз менен байланышыңыз

U17: Жантөрө Мырзалиев менен Нурболот Сыргабай уулу Азия чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 20 Июн 2022 | 380 | 0

Бишкек шаарында 17 жашка чейинкилер арасында өтүп жаткан Азия биринчилигинин 19-июндагы беттештеринде грек-рим күрөшүнөн Жантөрө Мырзалиев менен Нурболот Сыргабай уулу алтын медаль алды.

60 кг салмакта күрөшкөн Жантөрө Мырзалиев алгачкы беттешинде жапон балбаны Шина Ясумини 4:2 эсебинде, жарым финалда казак балбаны Юссуф Ашраповду 7:4 эсебинде жеңип, финалга өткөн. Алтын үчүн болгон күрөштө ирандык балбан Аболфазл Хосейн Миршекарды 8:5 эсебинде утуп, Азия чемпиону аталды.

92 кг салмакта күрөшкөн Нурболот Сыргабай уулу биринчи беттешинде индиялык Уттам Рананы 9:0 эсебинде, жарым финалда ирандык Хамидреза Мортеза Кешткарды 5:3 эсебинде утуп, финалга өткөн. Финалда казакстандык Элчибек Розакуловду 3:1 эсебинде жеңип, Азия чемпиону болду.

Күрөштүн ушул эле түрүнөн килемге чыккан 51 кг салмактагы дагы бир балбан Кубаныч Арынов күмүш медаль, ал эми 55 кг салмактагы Абдулахадхожа Абдуллахожаев коло медаль алышты.

Күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер жана 23 жашка чейинкилер арасында Азия биринчилиги Бишкек шаарында кечээ, 19-июнда башталган. Чемпиондук үчүн беттештер 26-июнда аяктайт. Бекитилген тартипке ылайык, баштапкы күрөш 10:30да, ал эми финалдык күрөш 18:00дө болот.

Виноградная көчөсү, 1/3 дарегиндеги Bishkek Arena муз аянтында өтө турган мелдештерди Дүйнөлүк күрөш уюму расмий сайты аркылуу, андан тышкары УТРК түз алып көрсөтөт.

Беттештерди көрүүнү каалагандар үчүн билеттер муз аянттын кассасында 350 сомдон сатылууда.

Copyright © 2017 Maral FM