Биз менен байланышыңыз

Эл аралык «Ала-Тоо» университетинде жеңилдиктер берилет

Эл аралык «Ала-Тоо» университети мектепти мыкты бүткөн жана ЖРТдан жакшы ийгиликтерди көрсөткөн абитуриенттерге жеңилдик берет. Бул тууралуу окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын адиси Аида Бөрүбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Жалпы республикалык тестирлөөдө 219 баллдан жогору алгандар, башкача айтканда «Алтын сертификаттын» ээлери окуу жайга тапшырса 100%дык жеңилдик алышат.

210 балл алгандарга контракт төлөөдө 75% жеңилдик берилет.

200 балл алган студент 50%дык арзандатуу менен билим алат.

140 балл алгандар үчүн 5%дык жеңилдетүү каралган.

Ал эми 110дон 140 баллга чейин алган абитуриенттер толук акысын төлөп окушат.

«Мындан тышкары абитуриент толук эмес үй-бүлөдөн болсо, же мектепти «Кызыл аттестат» менен бүтсө, же ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген болсо, жеңилдик берүүнү караштырабыз. Бул үчүн алар арыз менен кайрылуусу абзел. Кабыл алуу комиссиясы арыздын негизинде чечим кабыл алат. Окуу жайга кирип жатканда берилген жеңилдик студент окууну аяктаганча күчүндө болот», — дейт ал.

 

Белгилүү NICE компаниясында эмгектенген Нурилес — эл аралык «Ала-Тоо» университетинин бүтүрүүчүсү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM