Биз менен байланышыңыз

Дарыгер: Абаны өзүбүз булгап, ооруга чалдыгып жатабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Июн 2022 | 246 | 0

Акыркы жылдары Бишкек «өтө булганыч» шаарлардын катарына киргени айтылып келет. Айрыкча, абанын булганышы адам өмүрүнө кооптуу жагдай жаратууда.

Дарыгер Перизат Бугубаева «Маралдын» эфиринде абанын булганышы ар кандай оорулардын козгогучу болуп эсептелинерин айтып берди.

«Бронхит, бронхиалдык астма, жүрөк-кан тамыр, кан басым оорулары, тубаса майыптык, залалдуу шишик сыяктуу оорулар көп учурда экологиянын таасиринен пайда болот. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге көп бейтап кайрылып жатат.

Негизи абанын булганышы биз колдонгон нерселерден улам келип чыгат. Мисалы, биз айдап жүргөн автоунаалар. Анын дээрлик баарында катализатор жок. Мындан сырткары кыш мезгилинде турак үйлөрдү же имараттарды сапаттуу эмес көмүр, ар кандай материалдар, резина менен жагып жатышат. Көмүр менен эмес, электроэнергия менен же газ менен жылытууга өтсөк, абал жакшырат. Же чөп өрттөшөт көбү. Өрттөгөнгө болбойт. Ошол чөптү биз атайын чуңкур казып, аябай таптап ташташыбыз керек. Бизде минтип эч ким жасабайт. Биз өзүбүз абаны булгап, ооруларга чалдыгып жатпайбызбы».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM