Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан «Дамак» тез тамактануучу жайынан өрт чыккан.
Аны өчүрүүгө саат 11:50дө Ош шаардык №12 Өрткө каршы бөлүмүнөн жалпы 4 бөлүм, ШТАБ жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун Көчмө башкаруу пунктунун ыкчам тобу тартылган.
Өрт 12:30да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү жүрүп жатат.