Биз менен байланышыңыз

Аскар Акаев жубайы менен Казак улуттук университетине барды (сүрөт)

Кыска кабар | 20 Июн 2022 | 703 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине барды. Бул тууралуу казакстандык маалымат булактары жазды.

Акаев «Байыркы мезгилден берки демографиялык динамика жана адамзаттын келечеги» деген темада лекция окуп, КазМУнун модернизациялоо планы менен таанышты.

Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, академиктер, илимпоздор, жазуучулар, илимий-изилдөө институттарынын жетекчилери, университеттин директорлор кеңешинин мүчөлөрү, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты.

Окуу жайдын ректору Жансейит Түймебаев Аскар Акаевдин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берип, илимдин өнүгүшүнө зор салым кошконун белгиледи.

Ошондой эле Акаевге Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ардактуу профессору наамын тапшырды.

Аскар Акаев окуу жайга 45 жылдан кийин кайрадан келгенине кубанычта экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM