Биз менен байланышыңыз

Унаанын айнегин караңгылатууга кайсы документтер талап кылынат?

Кыска кабар | 18 Июн 2022 | 1875 | 2

Кыргызстанда 1-июндан тартып жеңил унаанын айнектерин караңгылатууга уруксат берүүнү каттоо башталган. Жарандар транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк жана паспорт менен «Унаа» мекемесинин каалаган аймактык каттоо бөлүмүнө кайрылса болот. Каттоо процедурасы 30 мүнөттөн ашпайт.

Бир жылдык уруксат берүүнүн наркы жеке адамдар үчүн 80 миң сом болсо, юридикалык жактар үчүн 100 миң сом. Ал эми резидент эместер үчүн 120 миң сомду түзөт.

Каттоо үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

1) транспорт каражатынын ээсинин өздүгүн күбөлөндүргөн документ же транспорт каражатынын ээсинин атынан талаптагыдай таризделген ишеним кат;

2) ушул ээсине таандык болгондугун далилдеген транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк;

3) юридикалык жактарга таандык жеңил транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алган укугуна ишеним кат (юридикалык жактын жетекчисинен талап кылынбайт) жана ишеним кат берилген адамдын өздүгүн далилдеген документ;

4) транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты каттоо үчүн акысын төлөгөндүгүн далилдеген документ.

Төмөнкү негиздер боюнча каттоодон баш тартылышы мүмкүн:

  • транспорт каражатына карата салык боюнча карыз болгондо;
  • жол эрежелерин бузгандыгы үчүн тууму жана айып пул боюнча транспорт каражатынын ээсинин карыздары жөнүндө маалыматтар бар болсо;
  • мүлккө камак салуу же мүлккө чектөө коюу жөнүндө чечим бар болгондо.

2 пикир

2 пикир

  1. Нурик

    19.06.2022 16:18

    Отоле кумбатго деймда жеке жарандарга мен кылгымкелет бирок мен учун отоле кымбат 20- мин жеке адамдарга жакшы болмок!!!!

  2. Каныбек

    20.06.2022 07:10

    Акчасы барлар тонировка кылышат. Акчасы жокторчу? Андан кору азыраак акча толосо кобу тонировка кылышат эле.
    Жакын арада арткы терезелерге да акча тологуло десе мен тан калбаймын.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM