Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов менен 17-июнда жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлде боло турган тышкы саясий иш-чараларды иштеп чыгуунун жүрүшү менен таанышышты.
Быйыл 14-апрелде баштапкы капиталы 50 млн долларды түзгөн кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлгөн.