Биз менен байланышыңыз

Молдокматов: Кыздарды сойку кылган өзүбүз болуп жатпайбызбы

Кыска кабар | 17 Июн 2022 | 1081 | 0

Саясатчы Жеңиш Молдокматов миграция маселесин көтөрүүдө өтө кылдат мамиле кылуу керектигин эскертти, өзгөчө кыздардын укугун коргоо маселесинде. Анын айтымында, бул маселенин жаралышы эркектердин өзүндө. Анткени аларда мырзалык, жигитчилик деген жок калды.

«Эгер үйдө эркек тың иштеп, бакса, анын кызы, аялы же карындашы миграцияга кетпейт. Азыр эркектердин айынан кыздарыбыз кетип жатат. Бүгүнкү күндө сыртта жүргөн мигранттардын 50%ы аял кишилер, жарымы эркектер. Бул Кыргызстандын келечегине чоң кедергисин тийгизет, бул — демография, генофонд жана башка. Айрым эркектерибиз кыздарга шек келтирип, «айфон көтөргөн, унаа айдаган, үйү бар кыздар — сойкулар» деп ийип жатабыз. Бул аябагандай туура эмес нерсе. Мисалы, мигранттардын эң көп жүргөн жери: Орусия, Казакстан жана Түркия. Түркияда кыздар көп иштейт. Аларда ресторандарда, мейманканаларда «сервисте» иштешет. Анан канча деген жаш тагдыр кыйылып жатканын биз эркектер билип, намыстанышыбыз керек. Алдап барып, биздин эле кыргыз жарандар, кыргыз эркектер, кыргыз эжелер сойку кылып иштеткен өзүбүз болуп жатпайбызбы. Паспортторун алып коёт, жаткандарын видеого тартып алып, аларды ата-энеңе көрсөтөм деп коркутат, канча деген өмүрлөр кыйылып кетип жатат. Ошондуктан өзгөчө кыздар боюнча айтып жатканда эркектер этият болушубуз керек».

Мындан сырткары ал бир катар сунуштарды берди: Маселен, миграцияны азайтуу үчүн мамлекет жумушчу орундарын түзүп, иш менен камсыз кылышы керек. Экинчиден, экспат багыты боюнча жарандарды кесипке ээ кылып, мамлекеттик деңгээлде компаниялар менен сүйлөшүп, укугу корголгон келишимдин негизинде иштетүүгө болот. Бирок ал Кыргызстанда мындай жок экенин белгилеп, жадагалса президенттик деңгээлде мигранттарга жалгандар айтылып, берилген сөздөр аткарылбай жатканын сынга алды.

2021-жылдын башында Садыр Жапаров Орусияга болгон сапарынын алкагында мигранттар менен жолугушуп, «Жүк-200дү» Мекенине алып келүү чыгымын мамлекеттин камсыздоосуна өткөрүүгө, 4-5 жылда мигранттарды Кыргызстанга кайтарып келүүгө убада берген. Бирок акыркы өлкөдөгү экономикалык кырдаалдан улам мигранттардын саны дагы көбөйгөнү байкалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM