Биз менен байланышыңыз

Ошто ипотекалык негизде салынган көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди

Кыска кабар | 17 Июн 2022 | 272 | 0

Бүгүн, 17-июнда Ош шаарында муниципалдык ипотекалык программанын алкагында курулган биринчи көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди.

Мэриянын маалыматына караганда, үйлөрдү тапшыруу иш-чарасына Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар, ипотекалык турак жайларды бөлүштүрүү боюнча шаардык комиссиянын мүчөлөрү жана тургундар катышты.

9 кабаттуу 90 батирлүү үйдүн курулуш иштерин «Элитстрой Сити» ЖЧКсы 1 жылда бүткөргөн. Батирлер толук пайдаланууга даяр, бөлмөлөр бардык инженердик коммуникацияларга туташтырылган, газ плиталары, раковиналар, жуунучу бөлмөлөр менен камсыздалганы айтылды.

Муниципалдык ипотекалык программанын алкагында дагы эки көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери аяктап жатканы маалым болду.

«Жалпысынан муниципалдык ипотекалык программанын алкагында Ош шаардык мэриясы тарабынан 215 үй-бүлө турак жай менен камсыз болот. Мындан сырткары шаардыктардын жашоо-шартын жакшыртуу максатында мэрия тарабынан «Үлүштүк курулуш» долбоору ишке ашырылат. Бул долбоордун алкагында Набережная жана Тилеке Баатыр көчөлөрүнүн боюна көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды. Бул программа шаардын бардык иштеп жаткан тургундарына ыңгайлуу турак жайга ээ болуусуна мүмкүндүк берет, ошондой эле шаарыбызда турак жайга туруктуу бааны кармап турууга көмөктөшөт», — деди Мамбетов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM