Кыргызгидромет билдиргендей, 18-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Бийик тоолуу райондордо, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Аба температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,
Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +32…+34 градус болот.