Биз менен байланышыңыз

ЖРТга кайра каттоо 23-июнга чейин жүрөт

Кыска кабар | 17 Июн 2022 | 221 | 0

Жалпы республикалык тестирлөөнүн III этабына каттоо 15-июнда башталды, 23-июнга чейин жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Эгер абитуриент 2022-жылы каттоодон өтүп, бирок ар кандай себептер менен тестке катыша албай калган болсо жана анын каттоо номери бар болсо, анда ал кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш. Мындай абитуриенттер тестке кирүү талонун жана өздүгүн күбөлөндүргөн документин алып келүүгө милдеттүү.

Жалпы республикалык тесттен четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттердин каттоодон өтүүгө укугу жок.

ЖРТнын III этабына каттоо (кайрадан каттоо) төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:

  • Бишкек шаарында — №24 мектеп-гимназиясында: Тыныстанов көч., 110;
  • Ош шаардык билим берүү бөлүмүндө (Ош шаары, Ленин көчөсү).

Тест 24-25-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM