Биз менен байланышыңыз

«Маралдын» каарманы Айтурган үч баласын кайтарып алды (видео)

Коом , Кыска кабар | 17 Июн 2022 | 1337 | 0

Эки ай мурун Айтурган аттуу келин күйөөсү Орусиядан алдап, 3 баласын тартып алганын айтып, «Маралга» кайрылган. Ал учурда Кыргызстанда. Бул жакка алданып келип калган. Ошол учурдан пайдаланып, күйөөсү энелик укугунан ажыраттырып койгон.

Айтургандын жактоочусу бул ишке Кыргызстандын Владивосток шаарындагы консулдугу да аралашканын маалымдаган. Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өздөрүнүн үй-бүлөлүк маселеси экенин айтып, консулдукка коюлган дооматты четке каккан.

Келиндин кайрылуусу «Маралга» жарыялангандан кийин айрым маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, кайдыгер эмес жарандар жардамга келип, үч баланы энесине алып берүүгө аракет көрүлө баштаган.

Май айынын аягында Орусиянын соту балдарды энесине берүү чечимин чыгарып, алар Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Биз Айтурган менен жолукканыбызда, ал жалпы кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип, балдар менен чогуу болуп сүйүнүп жатканын маалымдады.

Анын адвокаты Нура Курманбекова «Марал» материал жарыялагандан кийин иш алдыга жылганын, тиешелүү органдар да олуттуу мамиле жасай баштаганын айтып берди.

Айтурган: Үч балам Орусияда, жубайым алдап, тартып алды

Copyright © 2017 Maral FM