Биз менен байланышыңыз

Айтурган: Үч балам Орусияда, жубайым алдап, тартып алды

Коом , Кыска кабар | 9 Апр 2022 | 1395 | 0

Айтурган аттуу келин күйөөсү Орусиядан алдап, 3 баласын тартып алганын айтып, «Маралга» кайрылды. Ал учурда Кыргызстанда. Бул жакка алданып келип калган. Ошол учурдан пайдаланып, күйөөсү энелик укугунан ажыраттырып койгон. Айтургандын жактоочусу бул ишке Кыргызстандын Владивосток шаарындагы консулдугу да аралашканын маалымдады. Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өздөрүнүн үй-бүлөлүк маселеси экенин айтып, консулдукка коюлган дооматты четке кагууда.

Айтурган Абдираим кызы 27 жашта. Үч баланын энеси. Айтурганды балдары менен чогуу былтыр июнь айында кайненеси Орусиянын Владивосток шаарына чакырып алган. Ал жерде бир айдай жүрүп, андан соң жумушка орношкон. Ошол маалда күйөөсү Эркинбек Нуркулов «Орусиянын жарандыгын жасатып берем» деген шылтоо менен документтерин алып, кийинчерээк жоготуп ийгенин айткан. Үч айдан соң Эркинбек Орусиянын жарандыгын алган, а бирок Айтурганга 1,5 жылдан кийин гана аларын билдирген.

«Эркинден «Мен качан алам?» — деп сурадым. Ал болсо: «Мен Орусиянын жарандыгын алган соң, балдарым да дароо Орусиянын жараны болуп калат экен. А сага дагы 1,5 жыл убакыт бар. Ага 100 миңден ашык акча кетет экен», — деп айтты. Мен болсо таң калып, ишенген жокмун. Бирок кайненем: «Мен 20 жылдан бери ушул жерде жашап, жакшы билем. Азыр мыйзам ушундай. Сага дагы 1,5 жыл бар», — деди».

Ушул жылдын январь айында Айтурган күйөөсүнүн коштоосунда милицияга барып, «документтеримди жоготуп алдым» деп арыз жазган. Андан кийин Кыргызстандын Владивосток шаарындагы консулу Исмаилова Махабаттан кеңеш алышкан.

«Исмаилова Махабат Шериковна: «Жолдошуңдун, балдарыңардын Орусиянын жарандыгы бар болгону үчүн ушул жерден эле документтерин калыбына келтирсе болот. Бирок сенин жарандыгың жок болгону үчүн документ жасап бере албайм. Сен Кыргызстанга кетип калганың оң болот», — деди. Мен ызылдап, «Башка жолу жокпу? Дагы убакыт барбы?» — деп сурадым. Бирок Махабат Шериковна: «Сени көчөдөн кармап калышса, 15-20 жылга депорт кылып салышат. Жыйырма жылдай балдарыңды көрбөй каласың. Андан көрө Кыргызстанга кетип, бир айдын ичинде документтериңди жасатып, кайра кел. Азыр болсо тез барып, сүрөткө түшүп келе кал», — деди». 

Андан соң Эркинбек шашылыш белет алып, Айтурганды Кыргызстанга жөнөткөн. Бирок бир жумадан кийин чалып, ажыраша турганын, балдарын көрсөтпөсүн айткан. Ошондон көп өтпөй, Айтурганга ажырашуу тууралуу Орусиянын сотунан чакыруу келген. Кызыгы, анда энеси балдарын таштап качып кеткени үчүн күйөөсү ушул жолго барып жатканы белгиленген.

Айтурганга учурда укуктук жактан Жогорку Кеңешке караштуу Миграция, мекендештер жана чет өлкөдөгү диаспоралар кеңешинин Орусиядагы өкүлү Нура Курманбекова жардам берип жатат. Анын айтымында, бул иш атайылап жасалган, тагыраагы, кайненеси менен күйөөсү көптөн бери пландап келген. Буга Кыргызстандын Владивостоктогу консулу Махабат Исмаилова да кошулуп, туура эмес кеңеш берген.

«Өкмөттүн атынан Кыргызстандын Орусиядагы жарандарын коргоп, иштеп жаткан консулга да тиешелүү чара көрөбүз. Анткени туура эмес маалымат, туура эмес кеңеш берген. Ал кеңсе бөлүмдө Мекенине кайтуу боюнча күбөлүк жасалбайт. Ал жерде паспорт гана жасалат. Эгерде Орусиянын аймагында кыргыз жарандары паспортун жоготуп алса, ошол кеңсе бөлүмүнө барып, жасатып алса болот. А Исмаилова болсо, Айтурганга Мекенине кайтуу боюнча күбөлүк жасап берип койгон болуп жатпайбы. Ошол жерден паспорт жасатып алып, Кыргызстанга келбей эле документтерин легалдаштырып алса болот болчу. Жашы жете элек балдары бар болсо, алардын жарандыгы Орусияныкы болсо, Айтурганда документтерди жаңыдан жасатып, легалдуу түрдө иштей берсе болот болчу. Исмаилова эмне үчүн ушундай кеңеш берди, мен үчүн түшүнүксүз болуп жатат», — деди ал.

Кыргызстандын Владивостоктогу консулдугунун расмий сайтында жогорудагы укук коргоочунун сөзүн толук тастыктаган маалыматты, кыргыз жарандарына паспорт гана жасалып берилерин көрүүгө болот.

Владивостоктогу консул Махабат Исмаиловага байланышканыбызда, азыр убактысы жок экенин айтып, бир аздан кийин чалууну суранган. Бирок кайра чалганыбыздан майнап чыккан жок.

Орусиядагы элчилик окуя кызматкерлердин көзөмөлүндө экенин билдиришти. Алар бул жубайлардын ички маселеси экенин, сот аркылуу гана чечилерин айтышты. Элчиликтин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова консулдуктун бул ишке тиешеси жоктугун, ал нейтралдуу жана туура маалымат гана берип турарын белгиледи.

«Жолдошу, үч баласы тең — Орусиянын жараны. Жубайлар ажырашып кеткен экен. Ортодон Айтургандын эжеси кошулуп, «балдарын алып бергиле» деп жатыптыр. Консул Исмаилова өзү келип жолуккан, биздин Кыргызстандагы кызматкер эжеси менен да, Айтурган менен да жолугуп сүйлөшкөн. Бул — сот аркылуу чечиле турган маселе. Анткени бул жерде үч баласы тең Орусиянын жараны болуп жатат. Элчилик же министрлик балдарын алып бере албайт», — деди ал.

Ал эми Нура Курманбекова Айтурган менен Эркинбек мыйзамдуу ажыраша электигин, сот жараяны 11-апрелде башталарын маалымдады.

Бул иш боюнча экинчи тараптын да оюн угууга, пикирин чагылдырып берүүгө даярбыз.

Copyright © 2017 Maral FM