Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин такталган маалыматы боюнча, Ала-Бука районуна караштуу Өрүктү айыл өкмөтүнүн Жой-Белент айылында катуу шамалдын кесепетинен турак үйдүн үстүнө терек кулаган.
Жерине тактоо иштерин жүрүгүзү үчүн куткаруучулар тартылган.
Тактоо иштеринин натыйжасында, Дуулатов аттуу тургунга таандык үйдүн чатырына үч терек кулап калгандыгы аныкталган.
Жергиликтүү тургундардын 1 бирдиктүү эксковатор тартылып, теректер коопсуз жайга түшүрүлгөн. Жабыркагандар жок.