Тергөө жүрүп жаткандыктан Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматын азырынча уланта албайт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал 3-июнда президент тарабынан убактылуу кызматынан четтетилген.
Башкы прокуратура Бейшеналиевге 7 кылмыш ишин козгогон, алар: вакцина сатып алуудагы коррупция, опузалоо, кызмат абалынан кыянат пайдалануу.
Бишкек шаардык соту 16-июнда Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарды.
Убактылуу четтетилген башкы прокурор Курманкул Зулушев 16-июнда кызматына кайтып келди.