Биз менен байланышыңыз

Айбек Жунушалиев кайрадан чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы болду

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 468 | 0

Айбек Жунушалиев Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги кызматын буга чейин Алтынбек Эргешов ээлеп келген. Ал эки күн мурда кызматынан бошотулган.

Айбек Жунушалиев 1976-жылы 6-июлда туулган. 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын 24-февралына чейин Бишкек шаарынын мэри кызматында иштеген. Ага чейин бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM