Биз менен байланышыңыз

Жаңы футбол стадионунун эскизи сунушталды (видео)

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 127 | 0

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жаңы футбол стадионунун курулушу үстүбүздөгү жылдын август айында башталат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Борбор калаанын түштүк-батыш тарабына курула турган спорттук жай 22,5 миң орундуу заманбап көп функциялуу аянтча болот.

Стадионду Европадан келген компания курары, каржылоонун негизги бөлүгүн европалык инвестициялар түзөрү айтылды. Ал болжол менен эки жылда салынып бүтөт.

 Жаңы стадиондун эскизи төмөкүчө: 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM